Панкратов БУУ делегациясы делегациясы менен үч жылдык кызматташууну талкуулады

Жазылуу
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Вице-премьер-министр Олег Панкратов Өнөктөштүк боюнча башкы кеңешчи Виктор Загреков жетечилик кылган БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) делегациясы менен 3 жылдык кызматташууну талкуулады. 

Анда эки тараптын кызматташтыгын активдештирүү маселелери туурасында кеп болду.

ЮНИДОнун башкы кеңешчиси Загреков Панкратовго Кыргызстан үчүн өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды баалоо, 2017-2020-жылдарга карата Улуттук өнөр жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча жетектеген миссиясынын милдет-максаттары тууралуу айтып берди.

"Биз туризмди өнүктүрүүгө, курулуш материалдарын өндүрүүгө, ошондой эле экспорт үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруусу боюнча аталган уюмдун Кыргызстандагы ишине жогору баа беребиз. Кичи ГЭСтер боюнча долбоор маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет", — деп айткан Панкратов.

Ал эми жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0