Ысык-Көлдө токтоп турган тоо-кен компанияларына өндүрүштү жолго салуу талабы коюлат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТоо-кен иштери. Архив
Тоо-кен иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай талаптар учурда иштебей турган тоо-кен ишканаларынын жетекчилери менен болчу жолугушууда айтылат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кен иштетүү боюнча лицензиясы бар компаниялардын тоо-кендерин иштетүүнү талап кылынат деп кабарлады өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев вольфрам жана калай алган Сары-Жаз тоо кен комбинатында болду. Учурда аталган объект иштебей турат. Мындан төрт жыл мурда кытайлык компания кенди иштетүүгө уруксат алган.

"Биз кенди казып иштетүү үчүн лицензияга ээ болуп жана мындай компанияларды сатып алгандарды аны иштетип, аймакта жумушчу ордун түзүүнү талап кылабыз", — деди Акибаев.

Аткаминердин айтымында, бул талаптар учурда иштебей турган тоо-кен ишканаларынын жетекчилери менен болчу жолугушууда айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0