Ысык-Көлдө чабак балыктарынын питомниги ачылат

Жазылуу
Иш-чара 9-июлда өтөт. Питомник БУУнун сатык жана айыл чарба уюмунун колдоосу аркылуу ачылып жатат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда алгачкы жолу чабак балыктарынын питомниги ачылат. Бул тууралуу БУУнун сатык жана айыл чарба уюмунан билдиришти. 

Питомникти ачуу аракети БУУнун аталган уюмунун Ысык-Көл облусундагы балык өстүрүүчү ассоциациялары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон кызматташуусунун алкагында ишке ашканы жатат. 

Иш-чара 9-июлда өтөт. Анын ачылышына Россиянын элчиси, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0