Кыштын камын жайда көрүп, өкмөт Тажикстан менен электр кубатын алмашат

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүЭлектр зым. Архив
Электр зым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тажик тарапка Вахш ГЭСинен куру бош агып кеткен суунун көлөмүн кыскартууга мүмкүндүк түзөт.

БИШКЕК, 6-июл.— Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көп топтолушу үчүн Кыргызстан жай мезгилинде Тажикстандан электр энергиясын алып, ошол көлөмдү башка мезгилде аларга кайтарып берүү маселеси каралууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Атамбаев азыр электр кубатына тарифтерди көтөрүүгө болбостугун айтты
Өкмөттүн кыш-жазга даярдык көрүү маселеге арналган бүгүнкү жыйынында вице-премьер Олег Панкратов аталган маселени кароону тиешелүү тараптарга тапшырды. 

Эми Улуттук энергетикалык холдинг "Кыргызстандын улуттук станциялары" жана "Электр станциялар" ишканасы менен биргеликте Тажикстандан жайында Кыргызстанга электр кубатын алуу боюнча маселени иштеп чыкмакчы. 

Панкратов бул Токтогул суу сактагычынан сыртка кетүүчү суунун агымын азайтууга көмөкчү болоорун айтты. Ал эми тажик тарапка Вахш ГЭСинен куру агып кеткен суунун көлөмүн кыскартууга мүмкүндүк түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0