Панкратов: КР шериктеш өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн кызматташтыкты колдойт

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Олег Панкратов. Архив
Вице-премьер-министр Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер КМШнын 25 жылдык юбилейине карата сентябрь айында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан 2016-жылы КМШга төрагалык кылган өлкө катары, Шериктештикке кирген бардык мамлекеттер менен пайдалуу өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул туурасында вице-премьер-министр Олег Панкратов КМШ мамлекеттеринин Бажы кызмат жетекчилеринин 63-жыйынында айтты. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Панкратов 25 жылдык алака-катнаштын негизги жыйынтыгы катары КМШдагы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына туура келген өз ара кызматташууну өнүктүрүүнүнү күчөтүүнү айтты.

"Жакында эле Бишкек шаарында 6-июнда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңеши өтүп, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды", — деди ал.

Вице-премьер КМШнын 25 жылдык юбилейине карата сентябрь айында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0