Белоруссия айыл чарба продукциясын Кыргызстан менен чогуу өндүрүүгө кызыкдар

© Пресс-служба правительства КРБелоруссиянын айыл чарба жана азык-түлүк министри Леонид Заяц биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушуу учурунда
Белоруссиянын айыл чарба жана азык-түлүк министри Леонид Заяц биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Белоруссия айыл чарба техникасын, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча Кыргызстан менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Айыл чарба жана азык-түлүк министри Леонид Заяц биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушканда айтты.

Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн кыргыз-белорус өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 6-жыйыны өттү. 

Жайкы Давос-2016 экономикалык форумунун президенти Клаус Шваб КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу маалында - Sputnik Кыргызстан
Клаус Шваб: Кыргызстандын жаңы бийиктиктерди багынтуу үчүн бардык шарттары бар
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланып, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. 

Министр Заяц айыл чарба техникасын, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Абулгазиев бул багыттагы тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын аянтчасы аны иш жүзүнө ашыруунун бардык маселелерин тыкыр талкуулоо үчүн жакшы шарт түзөрүнө токтолду.

Жолугушууга Кыргызстандын Беларуссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Турдуназир Бекбоев катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0