Россия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБажы көзөмөл пункту. Архив
Бажы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан, Россия тараптан бир нече жолу жетишилген макулдашуу бузулуп, кыргызстандык дыйкандардын өндүргөн продукциясы чек арадан өтпөй калган болчу.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия Кыргызстандан ташылып келүүчү продукцияны чек арадан текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.

Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык форум - Sputnik Кыргызстан
"Росконгресс" Кыргызстан менен иштешүүнүн 7 себебин айтып берди
Маалыматта РФтин айыл чарба продукциясына көзөмөл жүргүзүүчү мекемеси кабыл алган чаралардын натыйжасында Кыргызстандан тез бузулуучу продукцияны ташып бараткан унаалар мындан ары казак-орус чек арасынан токтоосуз өтө алары айтылат.

ЕАЭБ алкагындагы макулдашуу боюнча биримдикке мүчө өлкөлөр арасында бажы көзөмөлү жок. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн негизги артыкчылыгы катары айыл чарба продукциясын, эт, сүт азыктарын коңшу өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз сатуу мүмкүнчүлүгү аталган. 

Бирок Казакстан, Россия тараптан бир нече жолу бул макулдашуу бузулуп, кыргызстандык дыйкандардын өндүргөн продукциясы чек арадан өтпөй калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0