Премьер-министр Жээнбеков "Чжунхуан" кремний заводу менен таанышты

© AFP / WANG ZHAOКытайдагы завод. Архив
Кытайдагы завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы "Жайкы Давос — 2016" экономикалык форумунун алкагында Кытайдын премьер-министри жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти менен жолугушат.

ТЯНЬЦЗИНЬ, 27-июн. — Sputnik. Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан "Жайкы Давос —2016" дүйнөлүк экономикалык форумуна катышып жаткан КР премьер-минстри Сооронбай Жээнбеков "Чжунхуан" кремний заводунун иши менен таанышты. 

Ошондой эле Кыргызстандык делегация бүгүн Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен, эртең 28-июнда Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 

"Жайкы Давос" биринчи жолу 2007-жылы өтүп, андан кийин жыл сайын уюштурулуп, быйыл 10-жолу болуп жатат.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клаус Шваб: дүйнө биргелешкен экономикалык күчкө муктаж
Быйылкы форум "Төртүнчү өнөр жай революциясы жана анын жаңылануу таасиридеген теманын алкагында өтүүдө.

Экономикалык форумга 90 мамлекеттен өкүлдөр келген. Анын ичинен Кыргызстан, Түштүк Корея жана Кытай мамлекеттеринин премьер-министрлери катышууда. 

Кыргызстандан барган делегациянын курамы:

Кыргызстандык делегациянын курамында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, КРдин Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Бишкек шаар мэри Албек Ибраимов, КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0