Клаус Шваб: дүйнө биргелешкен экономикалык күчкө муктаж

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб. Архив
Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумда Кытайдын өкмөт башчысы сүйлөп, ар бир мамлекеттин экономикалык абалы түрдүү болсо дагы алардын алган багыты бир болуп инновациялык аракеттерди колдоосу зарыл экенин белгиледи.

ТЯНЬЦЗИНЬ, 27-июн. — Sputnik. Аалам учурда биргелешкен экономикалык күчкө муктаж экенин Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб "Жайкы Давос — 2016" форумунда билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. 

Шваб форумга катышкандардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. 

"Катышуучулардын саны көбөйүүдө. Бул жолку форумга түрдүү тармакты өнүктүрүп, аны жогорку деңгээлге чыгарган чөйрөнүн өкүлдөрү чогулду. Азыр дүйнө биргелешкен күчкө муктаж, ага бардыгы катышуусу керек. Себеби туруктуу экономиканы калыпка салуу үчүн мамлекеттер бири-бири менен тыгыз байланышкан. Биз дагы ага керектүү шарттарды түзүп, кабыл алышыбыз керек. Инновацияны алдыга жылдыруу зарыл. Ал бардыгына жеткиликтүү болушу кажет", — деди ал. 

Форумда сөз сүйлөгөн Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян экономикалык жактан кызматташууга Кытай дайыма ачык экенин белгиледи. Ал ошондой эле дүйнөдө экономикалык каатчылыктын башталганына сегиз жыл болуп калганын, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айырмасы абдан чоң экенине токтолду. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Кытайдын Тяньцзинь шаарында. - Sputnik Кыргызстан
КР премьери Кытайда өтүп жаткан "Жайкы Давос — 2016" экономикалык форумга катышууда
"Дүйнөлүк экономикада түшүнүксүз жагдайлар көбөйүп жатат. Биз биргеликте туруктуу жана өнүккөн экономиканы түзүшүбүз керек. Кытай Европа менен биргеликте туруктуу өнүгүүнү колдойт. Бир мамлекет башкалардан бөлүнүп жалгыз өнүгүп кете албайт. Андыктан жаралган маселелерди чогуу чечишибиз керек", — деди өкмөт башчы. 

Кэцян ошондой эле экономиканы алдыга жылдыруу үчүн инновация менен түзүмдүк реформаларды жүргүзүү керектигин айтап, ар бир мамлекеттин экономикалык абалы түрдүү болсо дагы алардын алган багыты бир болуп инновациялык аракеттерди колдоосу зарыл экенин белгиледи. 

Ал экономикалык өнүгүү жагынан Кытай дүйнөдө экинчи орунда турарын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0