12:43 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендер чыры (35)
54 0 0

Мындан бир ай мурун премьер-министр Сооронбай Жээнбеков каржы министри Касымалиевге аталган жолдун Тамчыдан баштап Чолпон-Атага чейинки бөлүгүн сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушу үчүн кошумча 500 миллион сом көлөмүндө каражат табылды. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзүп, анын 35и Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго чейинки бөлүк болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 2,6 миллиард сом. Анын 100 миллиону буга чейин бөлүнгөн. Жолдун курулушуна кошумча 500 миллион сом бөлүү чечимин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бекитип берген.

Мындан бир ай мурун премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Касымалиевге аталган жолдун Тамчыдан баштап Чолпон-Атага чейинки бөлүгүн сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырган

Ал арада курулуш жүргүзгөн компания каражаттын жоктугунан жумушту токтоткон. Андан кийин жумушчулардын айлыгы үчүн каражат бөлүнүп, иш кайра жанданган.

Тема:
Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендер чыры (35)

Тема боюнча

Made in China же кыргыз экономикасы Кытайдын көлөкөсүндө калабы?
Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна кошумча 500 млн. сом бөлүнөт
Белгилер:
жол, акча, унаа, Адылбек Касымалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ