Ветеринардык лабораторияларды куруу үчүн 63,3 млн. сом керектелет

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүВетеринардык текшерүү. Архив
Ветеринардык текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргендиктен өзүнүн карантиндик жана фитосанитардык абалын камсыздоо үчүн тийиштүү лабораторияларды 2017-жылга чейин уюмдун талаптарына ылайыкташы керек.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды оңдоп жана куруу үчүн керектүү каражаттар маалында бөлүнөрүн өкмөттүн жумушчу жыйынында билдирди.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Облус борборлорунда заманбап фитосанитардык лабораториялар курулат
Айыл-чарба министри Турдуназир Бекбоев Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргендиктен өзүнүн карантиндик жана фитосанитардык абалын камсыздоо үчүн тийиштүү лабораторияларды 2017-жылга чейин уюмдун талаптарына ылайыкташы керектигин айтты. Алгачкы этабында Талас жана Ысык-Көл облустарындагы лабораторияларды жаңылап, кызматкерлерди окутуу үчүн 26 миллион сом керектеле турганын баса белгиледи.

Ошондой эле биринчи этапта эпизоотикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн аймактарда төрт лаборатория курулушу керектигин айтып, аны ишке ашырууга 37,3 миллион сом зарылдыгын айтты.

Премьер-министр керектелчү каражатты бөлүп берүүгө каржы министри Адылбек Касымалиевди милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0