Эркин экономикалык аймактардан беш айда 120 млн. сомго чукул салык түшкөн

Жазылуу
Кыргызстанда Бишкек, Каракол, Маймак, Нарын, Лейлек эркин экономикалык аймактары бар.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында жайгашкан беш эркин экономикалык аймагынан (ЭЭА) үстүбүздөгү жылдын беш айында 114 миллион 698 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Түшкөн салык көлөмүнө эл өкүлү Данияр Аттокуров кызыкты. 

"Үстүбүздөгү жылдын беш айында 114 миллион 698 миң сом салык түшкөн. Анын ичинде 113 миллион 340 миң сому Бишкек ЭЭАдан алынган. Ал эми 2015-жылы беш ЭЭАдан 197 миллион 209 сом салык өндүрүлгөн", — деди Иманалиев.

Кыргызстанда Бишкек, Каракол, Маймак, Нарын, Лейлек эркин экономикалык аймактары бар. 

Эркин экономикалык аймак — улуттук жана чет элдик ишканаларды коргоо максатында жеңилдетилген шарттары бар экономикалык зона. 

Жаңылыктар түрмөгү
0