Буйрук чыкканга чейин калк газ үчүн майдагыдай 15,50 сомдон төлөйт

Жазылуу
Тарифтердин мурунку калыбында калышы буйруктун чыга элегине байланыштуу.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар июнда газдын бир метр кубу үчүн май айындагыдай эле 15 сом 50 тыйындан төлөйт. Өнөр-жай ишканалары үчүн да тариф 18 сом 87 тыйындын деңгээлинде калат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бензин кымбаттады
Маалыматка ылайык, тарифтердин мурунку калыбында калышы буйруктун чыга элегине байланыштуу.

Россиянын "Газпром" ишканасы менен газдын 1000 метр кубун 165 доллардан 150 долларга чейин төмөн сатып алуу боюнча кошумча келишим түзүлгөндүктөн, тарифти Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен кайра карап чыгуу иштери жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик агенттиктин жаңы тарифти бекитүү боюнча буйругу чыкканга чейин май айында аныкталган тариф күчүндө калат деп жазылат "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы тараткан маалыматта.

Жаңы тариф бекитилгенден кийин "Газпром Кыргызстан" газды колдонгон бардык колдонуучулардын 1-апрелден берки тарифин кайта эсептеп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0