Депутат: электр энергиянын Казакстандан алып жатсак, аны кантип Пакистанга сатабыз

Жазылуу
Жогорку Кеңеште CASA-1000 долбоорунун алкагында 2020-жылдан тарта электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга сатуу маселеси каралууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Кыргызстан Пакистанга кайсы электр энергиясын сата турганы кызыкты.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште 2020-жылдан тарта электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга сатуу боюнча "CASA 1000" долбоору каралууда. 

"Өзүбүз Казакстандан сатып алып жатсак кайсыл электр энергиябызды сатабыз? Ошону түшүндүрүп бергилечи", — деди депутат.

Баяндамачы катары келген өкмөт мүчөлөрү Бишкек ТЭЦинде реконструкциянын жардамы менен электр энергиясын өнүктүрүүнүн көлөмү көбөйөрүн, Токтогул ГЭСинде экинчи агрегат ишке кирсе аталган ал 240 мегаватт, Камбар-Ата-2 ГЭСи бүтсө ал 150 мегаватт электр энергия өндүрөрүн, жалпысынан 700 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөрүн билдирди. 

Электр лампочкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар былтыркыга караганда электр энергиясын үнөмдүү пайдаланган
Баяндамачылардын маалыматына ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 233 миллион долларлык насыя 40 жылга алынат. Эгерде 2020-жылы Кыргызстан Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын сатпаса, келишим боюнча айыпка жыгылат. Аталган каражатка 450 чакырымдык 500 киловатт кубаттуулуктагы аба чубалгылары тартылат. Келишимге ылайык, долбоор 15 жыл ичинде өзүн актоосу пландалууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар келишимдеги милдеттенмелерди аткаруу үчүн карапайым калкка чектөө киргизбөөнү суранышты. Аталган маселе экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0