Электр энергиянын баасын эмдиги жылы көбөйтүү сунушталууда

© Sputnik / Петр Чернов / Медиабанкка өтүүЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто мөөнөттүү тарифтик стратегияга ылайык, 1-августтан баштап электр энергиясынын бир киловатт сааты 77 тыйындан 93,2 тыйынга чейин жогоруламакчы.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиянын баасын быйыл эмес, кийинки жылы жогорулатууну сунуштап жатат. Мындай өзгөртүүлөр 2014-2017-жылга карата орто мөөнөттүү тариф саясатынын стратегиясында сунушталат.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышка карата Токтогул суу сактагычына 1 млрд. куб метрден көп суу топтоо каралууда
Мекеме электр энергиянын өздүк баасы 2014-жылы 120,3 тыйынга бааланганын эскертет. Мында жыл сайын 70 тыйындан 20 пайызга жогорулатып отуруп, 2017-жылга карата 120,3 тыйындын чегине жеткирүү каралган. Буга байланыштуу 1-августтан тарта электр энергиянын бир киловатт сааты 93,2 тыйындан бааланмакчы.

Экономикалык каатчылыкты эске алып электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатуунун темпин жайлатуу сунушталып жатат. Долбоорго ылайык, быйыл тариф эч өзгөрүүсүз калып, 2017-жылы 10 пайызга жогорулатылат.

"Мындан улам быйылкы жылдын 1-августунан тартып электр энергиянын бир киловатт сааты 77 тыйын боюнча калып, ал эми кийинки жылдын 1-августунан 84,7 тыйындын чегинде белгиленет", — деп айтылат негиздемеде.

Мындай чара калктын басымдуу бөлүгүн баанын кескин жогорулашынан коргоп калууга шарт түзөт. 

Ушундай эле сунуш жылуулук энергиясы боюнча да айтылды. Быйыл ысык суу менен жылуулуктун баасын ошол боюнча калтырып, баалар 2017-жылы жогорулай турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0