Статкомитет: Кыргызстанда үч айдын ичинде 55 миңге жакын адам насыя алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКредит алуу. Архив
Кредит алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилген каражаттын басымдуу бөлүгү айыл чарба ишмердигин өнүктүрүүгө берилген.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Банктык эмес финансы-насыялык уюмдар тарабынан калкка чакан насыя берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин расмий сайтына жарыяланды. 

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын үч айынын ичинде 54,6 миң кыргызстандык насыя алган. 

"Берилген каражаттын көлөмү үч миллионго жакын (2726,8 млн) сомду түздү", — деп айтылат маалыматта. 

Чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 38 пайызы айыл чарба ишмердигине, 25,5 пайызы керектөөлөргө жана 16,3 пайызы соода тармагына багытталып берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0