Панкратов: Кыргызстан Сингапур менен соода мамилелерин бекемдөөгө кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Олег Панкратов. Архив
Вице-премьер Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу жаатында Сингапурдун тажрыйбасы чоң экенин айтып өттү.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу вице-премьер Олег Панкратов Сингапурдун соода жана өнөр жай министри Ко По Кун менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу жаатында Сингапурдун тажрыйбасы чоң.

"Биз Сингапур менен логистика, мамлекеттик башкаруу, индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууга кызыкдарбыз. Бул үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңири", — деди атка минер.

Өз кезегинде министр эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер көп тармак боюнча өнүгүшү керектигин белгиледи.

"Учурда эки өлкөнүн ортосунда инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуулардын негизи иштелип жатат. Бул сингапурдук инвестициянын агымына жол ачат", — деди Ко По Кун.

Министр Сингапур келечекте эркин соода аймагын түзүүнү максаттап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0