ТИМ: кыргыз товарлары Кытайга экспорттолот

© Sputnik / Исмаил МамытовКРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытай Эл республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолушуусунда
КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытай Эл республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Абдылдаев жалпы жонунан 40 долбоор даярдалып Кытай мамлекетине тапшырылганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандан чыккан товарлар Кытай мамлекетине экспорттолот. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытай Эл республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушуусунун натыйжасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Кытай министри кыргыз жергесине 21-майда келди. Абдылдаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер бекемделип, мыкты өнөктөш экендиги далилденгенин белгиледи. 

"Биз энергетика жаатындагы долбоорлор тууралуу ой бөлүштүк. Минстр Ван И айыл чарба товарларын экспорттоону көбөйтүү демилгесин сунуштады. Мындан сырткары, бул жылы Кытайда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү макулдашылды. Негизинен сүйлөшүүлөр ачык өтүп, өз максатына жетти", — деди Абдылдаев.

Ал 40 долбоор даярдалып, Кытай тарапка тапшырылганын билдирди.

Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кесиптешинин айткандарын толугу менен колдоого аларын билдирди.

"Бул жолугушуу дагы бир ирет коңшу өлкөлөрдүн жакшы алакада экенин далидеди. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул долбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот деген үмүттөбүз. Мындан сырткары, терроризм менен күрөшүү маселеси каралды. Бизге тапшырылган долбоорлорду толук кандуу иликтеп чыгабыз", — деди Ван И.

Ал ШКУнун 25 жылдыгына карата көп иштер жасаларын кошумчалап, орчундуу маселелер эки күндөн кийин өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында козголорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0