Министрлик: эл аралык фонд КРге 25 млн. доллар инвестиция салууга ниеттенүүдө

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖер айдоо. Архив
Жер айдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвестиция келиши так болсо, министрлик аны негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана аны экспорттоого жумшоону пландап жатышкандыгын билдирди.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Италиянын Рим шаарында жайгашкан Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл Аралык фонду Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатат. Июнь айында Кыргызстанга келип, 25 миллион доллар инвестиция салууга даяр экенин КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.

"Аталган фондунун Римдеги кеңсесинде Фритсем Жепсен (КР боюнча долбоордун менеджери) жана фондунун Жакынкы Чыгыш, Европа боюнча бөлүмүнүн директору Халида Бузер, Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев, ЖК депутаты Мирлан Бакиров, Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков жолукту",— деп айтылат министрликтин маалымат кызматы тараткан маалыматта.

Министрлик жогоруда айтылган каражатты негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана аны экспорттоого жумшоону пландап жатышкандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0