12:43 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Токтогул суу сактагычы. Архив

Кышка карата Токтогул суу сактагычына 1 млрд. куб метрден көп суу топтоо каралууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Былтыр 1-ноябрга карата суу сактагычта 13 миллиард куб метр суу топтолуп, ал кышы бою өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылууга жеткен. Быйыл 14 миллиард куб метр суу чогултуу пландаштырылып жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Күз-кыш мезгилине карата Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда бир миллиард куб метрге көп суу топтоо пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Таалайбек Толубаев билдирди.

Кыргызстанда энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздиги байкалып келет, жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн кошумча 385 мегаватт керектелет. Таңкыстыкты жоюу үчүн сууну сарамжалдуу пайдаланып, коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо пландаштырылып жатат.

"Кыш жылуу болду, мындан улам былтыр топтолгон 13 миллиард куб метр суу жетти. Быйыл 14 миллиард чогултууга камынып жатабыз. Бул минималдуу чек", — деди Толубаев.

Анын айтымында, бул жылы суунун агып келиши орточо эсептин 94 пайызын түздү. Эгер адаттан тыш нерсе болуп кетпесе, пландаган көрсөткүчкө жетүү оор болбойт.

17-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,9 миллиард куб метрди түздү. Былтыр ушул эле маалда 2,7 миллиардга аз болчу.

Тема боюнча

Евразиялык өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөт
Белгилер:
электр энергиясы, суу сактагычы, Токтогул суу сактагычы

ЭҢ МААНИЛҮҮ