"Кыргызалтын": Centerra бизге кулак салбайт, өзгөрүүгө мезгил жетти

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр. Архив
Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызалтын" ААК Канаданын алтын кен казуучу компаниясынын ишине өз нараазылыгын билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясында жетекчиликти менежменттин да, директорлор кеңешинин да деңгээлинде алмаштыруу зарылчылыгы пайда болгону туурасында билдирүү жарыялады. 

Кумтөр алтын кен жайы башынан эле Centerra компаниясынын 97 пайыз кирешесин алып келүүчү негизги активи болуп келет. Андыктан компания үчүн чоң баалуулук болуп эсептелет деп айтылат билдирүүдө.

Биржа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra Gold Inc. компаниясынын Торонтодогу акциялары жүгүртүүдөн алынган эмес
Уюмдан белгилешкендей, "Кыргызалтын" менен Centerra ортосундагы мамилелерди жакшы деп атоого болбойт. Ал улам барган сайын дагы начарлап, ал эми айрым окуялар жана компаниянын Директорлор кеңешинин деңгээлиндеги чечимдер Centerra башкармалыгына жана калган акционерлерге "Кыргызалтын" натыйжалуу таасир эте алгыдай мүмкүнчүлүктүн жоктугун көрсөттү. 

"Кыргызалтындын" билдирүүсүнө караганда, алардын пикирине кулак салууну каалабастык айрыкча Centerra жеткечилиги – Директорлор кеңеши менеджменттин сунушу менен акциялардын кошумча эмиссиясын ишке ашыруу жөнүндө чечим чыгарганынан байкалган. Муну алар кредиторлордун алдында компаниянын карыздарын төлөп берүү үчүн жасаган эле. 

"Аталган чечим Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынып, "Кыргызалтын" жана, ал тургай, КР өкмөтү мындай чечим максатка ылайыксыз экендигин айтып бир нече жолу каршы чыкканына карабай, күчүндө калтырылганын билдиргибиз келет", — деп белгилешти уюмдун маалымат кызматынан.

Канада компаниясынын каржылык абалын жана КРдин коомдук-саясий чөйрөсүнүн айтпаса да кескин терс кабыл алышын эске алганда, кошумча эмиссия жөнүндө чечим негизсиз жана Centerra жетекчилигинин өтө кыраакылыксыз чечими деп "Кыргызалтын" азыркыга чейин эсептейт.

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдөгү чечилбеген экологиялык маселелер кендин ишинин токтошуна алып келиши ыктымал
Кумтөр долбоорунун операциялык иш-аракеттеринин ачык-айкындыгы туурасында "Кыргызалтындын" суроосу көп деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

"Кыргызалтынды" өзгөчө тынчсыздандырганы — "Кумтөр Голд Компанинин" ишинин тегерегинде жакында болгон окуялар. Анда компаниянын офисинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу тинтүү жүргүзүп, документтерди алышкан.

"Компания иштеп жаткан узак убакыттан бери бул сыяктуу окуя биринчи болуп жатканын эске алганда, мындай олуттуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө укук коргоо органдарында чоң негиздер бар деп болжоого болот", — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. 

Ведомстводон билдиришкендей, өлкөгө келтирилген экологиялык зыян жөнүндө республиканын тийиштүү органдары тарабынан берилген 300 миллион долларлык доо арызы соттун кароосунда жатат. 

"Бизге белгилүү болгондой, Centerra компаниясынын мурдагы жана азыркы жетекчилиги тараптан жасалган коррупция жана алдамчылык боюнча кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан өндүрүшкө алынган. "Кумтөрдүн" дарегине олуттуу нааразылыктар геология жана экология жаатында мамлекеттик жөнгө салуу органдарында да бар", — деп баса белгилешти уюмдун маалымат кызматынан.

Биржа кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra Gold Inc. компаниясындагы КРдин акциясы 40 млн. долларга арзандады
Компания Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин эскертүүлөрү менен нааразычылыктарына өзгөчө көңүл буруусу керек. Мисалы, "Кумтөр" кен жайын пайдалануунун кайра каралып чыккан планы канадалык компания тарабынан 2016-жылдын 20-мартында эле жарыяланган болчу, бирок эмдигиче чейин мамлекеттик органдарга улуттук талаптарга ылайык даярдалган отчеттор бериле элек. 

Мунун натыйжасында Centerra расмий отчеттордо жана пресс-релиздерде берген расмий маалыматтар менен Мамлекеттик агенттиктин расмий маалыматтарынын ортосунда айрмачылык чоң. 

"Кыргызалтындын" маалыматы боюнча, агенттик үстүдөгү жылдын 1-июнунан тартып кен жайында жүргүзүлүп жаткан ишти улантууга уруксат бербей тургандыгы жөнүндө ниетин билдирип, "Кумтөрдүн" дарегине кат жиберген. 

"2009-жылдан бери компаниянын капиталдаштыруусу дээрлик 3 эсе төмөндөгөн. Өкмөт менен өз ара аракеттешүүнүн жана кызматташуунун түпкүлүктүү негиздери бузулган, бул "Кумтөр" долбоорунун өз туруктуулугун жоготуусуна алып келди. Ошондой эле экология жана тоо-кен иштерине байланышкан мыйзамдарды одоно бузулушуна жол берилген, Centerra жана Кумтөр долбоору ак ниет инвестор катары аброю жыл санап начарлап баратат. Компаниянын башкармачылыгы менен Директорлор кеңешинин деңгээлинде кабыл алынып жаткан чечимдер бардык акционерлерден обочолонуп турганын көрсөттү", — деп эсептешет ААКда.

Ушунун баарын эске алуу менен, "Кыргызалтын" Centerra Gold Inc. компаниясында жетекчиликтин курамын башкармачылыктын да, Директорлор кеңешинин да деңгээлинде олуттуу алмаштыруу зарылчылыгы пайда болду деп эсептейт. 

"Кыргызалтын" кеңештин курамына Centerra тарабынан көрсөтүлгөн Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевден башка талапкерлерге добуш бербей тургандыгын билдирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0