Кыргызстанда бюджет мыйзамдары иретке келтирилди

Жазылуу
Кийинки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда чар-жайыт документтердин башын бириктирген Бюджеттик кодекс ишке кирет. Мамлекеттик карыздын чегин өкмөт өзү аныктай турганы айтылууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРдин Бюджеттик кодексине жана "КРдин Бюджеттик кодексин ишке киргизүү боюнча" мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Документ бюджеттик процессти оптималдаштыруу жана өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарын жакшыртууну көздөйт.

"Бюджеттик кодекс чар-жайыт мыйзам ченемдерин кайра иштеп чыгып, бирдиктүү комплекске чогултуу үчүн иштелип чыккан. Бул өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарынын негизи болуп кала турган бирдиктүү акт болуп калмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Столдогу акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека үчүн дагы 3,7 млрд. сом тартылат
Муну менен бирге "КРдагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Жергиликтүү бийликтин финансы-экономикалык негиздери жөнүндө", "КР Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" жана "КРдин мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө" мыйзамдары жокко чыгарылды.

Бюджеттик кодекс жергиликтүү жана республикалык бюджетти кароо, түзүү жана бекитүү, муну менен бирге мамлекеттик карыз жана инвестиция маселелерин жөнгө салат. 

Кодекс 2017-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0