09:31 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
12910

Компаниянын ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Соттун кезектеги отуруму 20-майга белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө экологиялык-техникалык ченемдердин одоно бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компания кен казуу иштеринен чыккан жараксыз топурак-ташты муз (мөңгү) үстүндө төгүп, эсепке алынбаган таштандыларды калдык сактоочу жайга салып келген. Мындан тышкары, суу ресурстарын акысыз колдонуп, жер катмарына зыян келтирген. 

Мунун кесепетинен жалпы жонунан мамлекетти 7 миллиард сомдук зыянга учураткан. 

Буга байланыштуу аталган инспекция компаниянын үстүнөн Бишкек шаарынын район аралык сотуна төрт доо арыз менен кайрылган. Соттун кезектеги отуруму 20-майга белгиленген.

Инспекция бул текшерүү иштери аталган ишкана тарабынан КРдин мыйзамдарынын көп ирет бузулушунун негизинде жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.

Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)

Тема боюнча

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казган ишкана айып төлөөдөн баш тартууда
"Кумтөр Голд Компани": вице-президенттер эмгек өргүүсүнөн улам өлкөдөн чыккан
Белгилер:
сот, инспекция, Кумтөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ