MegaСom компаниясын сатып алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 15-июнга чейин узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив
MegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган компания сатыкка быйыл февраль айында коюлган. Өкмөт мындай чечимин компанияны мындан ары өнүктүрүүгө чама-чаркы чак келбей турганы менен түшүндүргөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (MegaСom) 100 пайыз акция пакетин сатып алуу боюнча арыздарды кабыл алуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри MegaCom айланасындагы соттук иштер жөнүндө айтып берди
Эскерте кетсек, буга чейин компанияны сатып алуу боюнча аукцион 11-майга белгиленип, бир да арыз түшпөгөнүнө байланыштуу өтпөй калган.

MegaСom компаниясы сатыкка февраль айында коюлган. Өкмөт мындай чечимин компанияны мындан ары өнүктүрүүгө чама-чаркы чак келбей турганы менен түшүндүргөн.

"Альфа Телеком" ЖАК 2009-жылы түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырып, 51 пайызы Елисеевге караштуу Southfield Management Inc. жана Vesatel Unitеd Limited компаниясынын менчигинде калган. Өткөн жылдын июль айында акциянын 51 пайызына салынган сот бөгөтү алынып, мамлекет акциянын 100 пайызына ээлик кылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0