Президент Рахмон жана 4 мамлекеттин премьерлери CASA-1000 долбоорун ишке киргизди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор ишке ашса Кыргызстан менен Тажикстан Афганистан, Пакистан мамлекеттерине жай айларында электр энергиясын сата алат.

ТУРСУНЗАДЕ, 12-май — Sputnik. Тажикстандын Турзунзаде шаарында CASA-1000 (Central Asia — South Asia) долбоорун ишке киргизүү боюнча атайын салтанат өттү. Бул жерде бейшемби күнү долбоордун расмий курулушу башталат. Ал Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал 2016-2020-жылдары ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0