Кыргызстанда бензин кымбаттады

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү май Россиядагы нефть заводдорундагы баанын жогорулашына байланыштуу көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстан боюнча АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин бир сомго кымбаттады. Бул тууралуу КР нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Газ жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айы үчүн газдын баасы арзандады
Маалыматка ылайык, бензин 12-майдан тарта кымбаттаган. Ал эми дизелдик майлар кымбаттаган эмес.

Күйүүчү майдын кымбатташы Россиядагы нефть заводдорундагы баанын жогорулашына байланыштуу. Ошондой эле буга оңдоо иштеринен улам майды чыгаруунун көлөмү азайганы да таасир берген. 

Учурда Бишкек шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 35, АИ-95 — 38 жана АИ-98 — 43 сомдон сатылууда.

Ал эми Ош шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 37,5, АИ-95 — 40,5 сомго бааланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0