Улуттук банк күмүш куймаларды чыгарууга белсенип жатат

© AP Photo / Mike GrollКүмүш жасалгасы. Архив
Күмүш жасалгасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурун чыгарылган алтын куймалары калк ичинде бир топ популярдуулукка ээ болгон. Мындан улам Улуттук банк күмүш куймаларын чыгарууну пландаштырган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук банк күмүш куймаларын чыгарууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Сом валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүң менен, сом! Кыргыз валютасы тууралуу 23 факты
Эскерте кетсек, Улуттук банк өткөн жылдын 7-майында 1, 2, 5, 10, 31,1 жана 100 грамм салмагындагы алтын куймаларды расмий түрдө сата баштаган. Алар коргоочу кутучасы менен жасалган. Баалуу металлды Кыргызстандын жана чет элдин жарандары сатып ала алышат. Алтын куймалар дедолларизация чарасына багытталган. 

Улуттук банк бир жыл ичинде 85,1 килограмм алтын куймаларын 228,9 миллион сомго саткан. 

"Алтын куймалардын эл арасында популярдуулукка айланганын эске алуу менен Улуттук банк күмүш куймаларды дагы жасата баштады", — деп билдирди Абдыгулов. 

Улуттук банктын жетекчиси 100 граммдык куймалар өзгөчө суроо-талапка ээ болуп жатканын белгиледи. Алар Казакстанда эмес, Кыргызстанда жасалган. Орточо эсеп менен 100 граммдык куймаларды жасатуу салыштырмалуу арзан түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0