Кыргызстандын тышкы карызы тийиштүү чегинен ашып кетти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүШар үйлөө. Архив
Шар үйлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызы тийиштүү чектен ашып кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Талапка ылайык, мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек. 

MegaСom сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaСom компаниясын сатуу боюнча аукцион өтпөй калды
Үстүбүздөгү жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллион 646 миң АКШ долларын же былтыркы ички дүң продукциясынын 60,3 пайызын түзгөн.

Билдирүүдө айтылгандай, жалпы тартылган тышкы насыялардын 99 пайызы жеңилдетилген шартта 0,75-2,0 пайыз үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө алынган. 

Тышкы карыздын 90 пайыздан ашууну ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн багытталган. 

Мындан сырткары, тышкы карыздарды кыскартуу чараларынын негизинде АКШ — 43,5 миллион доллар, Германия — 13,5, Россия — 30 миллион доллар карызды кечкен. 

Учурда мамлекеттик карыз өлчөмүнүн кескин өсүүсүнө жол бербөө чараларын иштеп чыгуу уланууда.

1992-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргызстан кайсы уюмдарга жана мамлекеттерге карыз болгону тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0