Кыргызстанда тоо кендерин аукционсуз эле иштетүүгө уруксат берүү демилгеленүүдө

Жазылуу
Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев бул кадам учур талабы болуп жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда айрым тоо кендерин атайын аукциону жок эле иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев бул кадам учур талабы болуп жатканын белгилейт.

"Өкмөт улуттун кызыкчылыгын эске алып, айрым учурларда тоо кендерине атайын аукцион өткөрбөй туруп эле иштетүүгө уруксат берүүсү керек. Бирок аталган кадам сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашуусу зарыл", — деп жазылат мыйзам долбоордо.

Мындан сырткары мыйзам долбоордо эки ирет аукциондун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталбаса, биринчи арыз таштаган ишкананы жеңүүчү катары тандоо каралган.

Эскерте кетсек, учурдагы мыйзам боюнча тоо кендерин иштетүүгө уруксат аукциондун жыйынтыгы менен гана берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0