ЭВФ Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө карап 13,2 млн. доллар берет

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар банк ишмердүүлүгүн, өлкө бюджетинин параметрлерин жөнгө салуучу мыйзам чыгарууну жакшыртуу маселеси боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы менен Эл аралык валюта фондусу (ЭВФ) Кыргызстанга 13,2 миллион доллар көлөмүндөгү транш которот. Бул тууралуу ЭВФ миссиясынын жетекчиси Эдвард Жемайэль премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: инвестиция тартып, экспортту өнүктүрө турган институт түзүлөт
Маалыматка ылайык, жолугушууда 2014-2017-жылга Экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Тараптар банк ишмердүүлүгүн, өлкө бюджетинин параметрлерин жөнгө салуучу мыйзам чыгарууну жакшыртуу маселеси боюнча пикир алмашты.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана ЭВФ ортосундагы кызматташтык деңгээлине канааттангандыгын жана 2015-жылдын декабрь айына карата бул уюм менен түзүлгөн меморандумдун дээрлик бардык шарттары аткарылгандыгын белгиледи.

"Жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кыргыз өкмөтү ЭВФ келишимдери аркылуу колдоого алынган экономикалык жана социалдык реформалардын комплекстүү программасын ишке ашырууну улантат", — деп белгиледи ал.

ЭВФтин аткаруу кеңеши тарабынан Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын экинчи обзорунун жыйынтыктары жактырылгандан кийин өлкө бюджетине 13,2 миллион доллар көлөмүндөгү үчүнчү транш которулат. 

Эскерте кетсек, алгачкы 13,2 миллион доллар көлөмүндөгү эки транш 2015-жылы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0