Өкмөт Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушуна каражат издеп жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду куруп жаткан кытай компаниясы менен келишим үзүлсө, Кыргызстан 2,5 миллиард сомдук чыгым тартат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөт Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушу үчүн каражат издеп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Эскерте кетсек, аталган жолдун тендерине байланыштуу чыккан чырдан улам мурдагы премьер-министр Темир Сариев кызматынан кетүүгө мажбур болгон.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, өкмөт башчы иликтөө иштери аяктагандан кийин гана Балыкчы — Корумду жолунун чырына тиешеси бар адамдар аныкталарын белгиледи. 

"Учурда өкмөт жолдун курулушу үчүн акча издеп жатат. Курулуш компаниясы менен 6,8 миллиард сомдук келишим түзүп жатып, Кыргызстан анын 10 пайызын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бирок болгону 180 миллион сом бөлүнгөн. Эгер биз азыр жолду куруп жаткан кытай компаниясы менен келишимди бузуп салсак, ага 2,5 миллиард сом төлөп беришибиз керек болот", — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам чет элдик меймандар менен туристтердин агымы күтүлүүдө, андыктан жолду оңдоп-түзөө иштери өз маалында бүткөрүлүшү керек.

Алтын табуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Макмалалтын" комбинаты кайрадан иштей баштады
Буга чейин Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушун текшерген мекемелер аралык комиссия бир катар мыйзам бузууларды аныктап, Аргынбек Малабаевдин министрлик кызматка ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Анын негизинде мурунку премьер-министр Темир Сариев Малабаевди кызматтан алуу сунушун президентке киргизген. Бирок документ артка кайтарылган. 

Бул боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Аргынбек Малабаев тендер Темир Сариевдин жакындары жана орун басары Улан Уезбаевдин кийлигишүүсү менен өткөнүн билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев комиссиянын корутундусу менен Малабаевдин айткандарын текшерип чыгууну УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырган. 

Бул жаңжалдан улам дүйшөмбү күнү Темир Сариев өкмөт башчылыктан кеткен. Аны менен бирге кызматынан транспорт министри Малабаев менен анын орун басары Уезбаев кызматтарынан кол жуушкан.

Тендер боюнча ишти укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0