Министрлик: жыл ичинде ар бир айыл өкмөттө экиден күнөскана курулат

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүКүнөскана жумушчусу. Архив
Күнөскана жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнөсканаларды куруу боюнча фермерлерге кореялык адистер окутууларды өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык жыл ичинде ар бир айыл өкмөттө экиден күнөскана куруу пландалып жатат. Бул туралуу маалымат Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлиги күнөскана чарбаларын иштетүүдө фермерлерге окутууларды өткөрүп, жардам берип жатат. 

"Күнөсканаларды куруу боюнча фермерлерге атайын семинарлар өткөрүлүп жатат. Министрлик Түштүк Кореянын элчилиги менен тыгыз иштешкендиктен, алардын адистери күнөскана кандай курулуп, кандай иштетилери туурасында тажрыйба бөлүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындай окутууга багытталган семинарлар май айынын орто ченинде Ош облусунун Кара-Суу районунда улантылаары пландалып жатканы, маалыматта баса белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0