Өкмөт башчы: Ысык-Көлдүн жолдорун жакшыртуу боюнча долбоорго өзгөчө көңүл бурулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек - Ысык-көл унаа жолу. Архив
Бишкек - Ысык-көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда көп тармактуу долбоор Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, туризмдин өнүгүүсүнө, айыл чарба тармагындагы кичи жана орто бизнести колдоого алууга шарт түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров Ысык-Көлдүн жолдорун жакшыртуу боюнча атайын долбоор тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековго айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууга биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев, Дүйнөлүк банктын өкүлү Кордулы Растоги катышкан. Долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банктын тартылышы күтүлүүдө. 

"Кеп Түп — Кеген жолунун курулушу тууралуу жүрүп жатат. Ал Кыргызстан менен Казакстанды дагы бир транспорттук магистраль аркылуу байланыштырат. Мындан тышкары, аталган долбоор Каракол шаарындагы аэропортту реабилитациялоону жана Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун инфраструктурасынын жакшыртылышын камтыйт", — деп айтылат маалыматта.

Бишкеке шаарындагы маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия маршрутка айдоочуларынын жоопкерчилигин күчөтүү жолун ойлоп тапты
Ал эми Кордулы Растоги аталган көп тармактуу долбоор Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, туризмдин өнүгүүсүнө, айыл чарба тармагындагы кичи жана орто бизнести колдоого алууга шарт түзөрүн белгилеген.

Премьер-министр өз учурунда долбоордун ишке ашуусу өлкө экономикасы үчүн орчундуу мааниге ээ экенин белгилеп, анын ишке ашырылышы кыргыз өкмөтү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0