Казакстандагы "Назарбаевдин адамдары" кыргыз фермерлеринен акча талап кылууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБазарда картошка саткан киши. Архив
Базарда картошка саткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картошканын баасы беш сомдон болуп, кыргыз фермерлери чоң жоготууга учуруп жатышат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туугандары болобуз деген адамдар кыргыз фермерлеринен акча талап кылып жатышат. Бул туралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматында өткөн жылы өлкө боюнча 82 миң гектар жерге картошка айдалган. Анын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда — 27,8 миң гектарды ээлейт. Тилекке каршы, аталган облуста картошканын баасы төмөндөп, килограммы беш сом, ал эми Нарын менен Талас жергесинде алты сомдон болууда. 2014-жылы картошка баасы 19 сом болгон. Министрлик быйыл фермерлер чоң чыгымга учуруп жатканын белгилейт. 

"Буга чейин ЕАЭБге кирсек Казакстан менен Россиянын базарлары ачылып, өндүрүлгөн продукцияларды кымбат баада сатса болору айтылган. Учурда тескери болуп, Алматыдагы "Алтын-Ордо" базарынын ээлери картошканын ар бир килограммынан акча алмайын кыргыз фермерлерин базарга киргизбей жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги аркылуу маселени оң жагына чечип берүүнү өтүнөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0