Ирандын Мазандараны менен Ысык-Көл экономикалык алака түзмөй болду

© пресс-служба МИД КРӨкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Аскат Акибаев баштаган дубандагы акимдер, облустук башкармалыктын жетекчилери Иранда.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Аскат Акибаев баштаган дубандагы акимдер, облустук башкармалыктын жетекчилери Иранда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай мезгили башталганда Ирандын аталган провинциясынан атайын делегация келип, облус жана кыргыз бермети менен таанышмакчы.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусу менен Ирандын Мазандаран провинциясы кызматташып, негизинен экономикалык алака-катнашты түзгөн Меморандумга кол коюлду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Иран желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран кинематография жана көркөм сүрөт боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө даяр
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Аскат Акибаев баштаган дубандагы акимдер, облустук башкармалыктын жетекчилери 13-16-апрель аралыгында Иранда болуп келди.

Алар үч күн аралыгында машина куруу боюнча ири заводдордо, айыл чарбасын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларында, тоок жана балык чарбаларында болушту. Андан сырткары, Амирабад, Амоль, Каемшахр сыяктуу порт шаарларындагы инфраструктура менен таанышты. 

Иш-сапардын жыйынтыгында Ысык-Көл облусу менен Мазандаран провинциясы өз ара кызматташмай болду. Жай мезгили башталганда Ирандын аталган провинциясынан атайын делегация келип, облус жана кыргыз бермети менен таанышуусу пландалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0