Кыргызстанда күйүүчү май 1 сомго кымбаттады

Жазылуу
Учурда республика күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз болууда. Биринчи кварталда өлкөгө 111 миң тонна бензин жана 103 миң тонна дизель майы алып келинген.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү майдын баасы кымбаттаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аи-80, Аи-92 жана дизель майынын наркы 1 сомго жогоруласа, Аи-95 маркасындагы бензин 50 тыйынга көтөрүлдү.

"Баанын кымбатташына мезгилдик фактор таасир этүүдө. Акыркы учурда россиялык рынокто күйүүчү майга болгон суроо-талап көбөйгөн. Нефть продукциясынын дүң баасы апрелде 10-15 пайызга кымбаттап кеткен. Мындан тышкары, россиялык нефтини иштетүүчү заводдордогу ремонт иштеринен улам орус өкмөтү ишкерлерге 2,1 миллион тонна бензин запасын топтоону сунуштаган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда республика күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз болууда. Биринчи кварталда өлкөгө 111 миң тонна бензин жана 103 миң тонна дизель майы алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0