ЕЭК: транспорттук тейлөө кызматтарын арзандатуу керек

Жазылуу
Евразия экономикалык комиссиясынын министри Данил Ибраев менен Армениянын транспорт жана байланыш министри Гагик Бегларян жалпы транспорттук тейлөө рыногун ачыктык жана ак ниеттүү атаандашуунун негизинде түзүү керек экенин белгилешти.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Транспорттук тейлөө кызматтарын арзандатуу керек экендиги тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын министри Данил Ибраев менен Армениянын транспорт жана байланыш министри Гагик Бегларян билдирди. 

ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда министрлер Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр арасында бирдиктүү жол транспортун өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Орчундуу көңүл транспорттук тейлөө кызматтарын либералдаштырууга бурулду.

Ибраев менен Бегларян жалпы транспорттук тейлөө рыногун ачыктык жана ак ниеттүү атаандашуунун негизинде түзүү керек экенин белгилешти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0