ЕАЭБ чегинде Кыргызстан үчүн темир жол тарифи арзандашы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында темир жол аркылуу жүк ташууда транзиттик тариф менен акча төлөөгө туура келет. Ал ички тарифке караганда бир кыйла жогору.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин Транспорт министрликтеринин өкүлдөрү Кыргызстанга мөөнөтүнөн эрте орточо тарифте акы төлөө мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Бейшемби күнү, 7-апрелде, Ереванда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Данил Ибраевдин төрагалыгы менен транспорт мекемелеринин жетекчилери жыйын өткөрдү. Анда тарифтерди унификациялоо жана кеме жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Вице-премьер Олег Панкратов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Панкратов: Кыргызстан ЕАЭБдин жалпы энергетика рыногуна катышууга кызыкдар
Мында Кыргызстанга карата мөөнөтүнөн эрте бирдиктүү тарифтерди пайдалануу мүмкүндүгү макулдашылды. Бул үчүн өлкө документтерде белгиленген бир катар жоболорду аткарышы керек.

Буга чейин Ибраев төлөмдөрдү транзиттик тариф менен төлөөгө туура келип жатканын, бул товардын баасын кыйла жогорулатарын маалымдаган. Мындан улам Кыргызстан унификацияланган ички тарифти бекитүүнү сунуштаган.

Бул маселе бүгүн "Евразиялык экономикалык келечек" форумунда ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков менен биринчи вице-премьер Аалы Карашев тарабынан да көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0