Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС куруга кызыкдар

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык ишкерлерди кабыл алып жатып Панкратов Кыргызстан өлкөнүн гидроэнергетика тармагына түз инвестиция тартууга чоң маани берерин айтты.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС курууга кызыкдар экенин аталган ишкананын өкүлдөрү вице-премьер-министр Олег Панкратовдун кабыл алуусунда билдиришти.

Өкмөттүн маалымат кызматы аталган жолугушуу 5-апрелде болгонун белгилейт.

Панкратов Кыргызстан өлкөнүн гидроэнергетика тармагына түз инвестиция тартууга чоң маани берерин айтты.

"Учурда биз жаңы кубаттуулуктарды куруу боюнча бир нече долбоордук ишке ашырып жатабыз. Бул өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди вице-премьер.

Өз кезегинде кытайлык ишкананын өкүлү мамлекеттин гидроэнергетика тармагынын келечектүүлүгүн белгилеп өттү.

"Биз Казарман каскадына 1160 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС курууга даярбыз. Ал жылына 4661 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Жакын арада Ала-Бука, Тогуз-Торо жана эки Кара-Булуң ГЭСтерин куруу боюнча долбоордун бардык документтери даяр болот деп ишенебиз" — деди Кытай ишкерлери.

Ал аталган долбоорлор эки тарапка тең пайда алып келерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0