Былтыр мамлекеттик карызды жоюу үчүн 7,4 млрд. сом жумшалды

Жазылуу
Мамлекеттик карыздын 95 пайызын тышкы карыз түзөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өкмөт былтыр мамлекеттик карызды жабуу үчүн 7 миллиард 483,7 миллион сом жумшаган. Бул тууралуу өкмөттүн 2015-жыл үчүн даярдаган отчетунда айтылат.

Өткөн жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 288 миллиард 803,9 миллион сомду (3 миллиард 805,1 миллион доллар) түзгөн. Анын 95 пайызы тышкы карыз болсо, 5 пайызы — ички карыз болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0