Кыргызстан бизнес жүргүзүү жаатындагы дүйнөлүк рейтингде 35 тепкичке көтөрүлдү

Жазылуу
Буга чейин биздин өлкө 102-орунда турган. Рейтинг 189 өлкөнүн көрсөткүчү боюнча чыгарылды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү — 2016" эл аралык рейтингинде 67-орунга татыды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ала-Тоо аянтындагы аскер күчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелдик рейтингде Кыргызстандын аскер күчү 32 баскычка төмөндөдү
Рейтинг 189 өлкөнүн көрсөткүчү боюнча чыгарылып, Кыргызстан бир жыл ичинде 35 тепкичке көтөрүлө алды. Буга чейин биздин өлкө 102-орунда турган. 

Өлкө насыя берүү жаатында жасаган реформалары үчүн рейтингде жакшы орун ээлей алды. Мындан сырткары, менчикти каттоо индекси боюнча Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен алтынча орунга татыган.

Ал эми атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча 13 тепкичке жогорулап, 108-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0