Сатуучу: доллар арзандаганы менен азык-түлүктүн баасы төмөндөбөйт

© Sputnik / Исмаил МамытовБазардагы сатуучу. Архив
Базардагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга жогорку курс менен импорттолгон товардын сатыла электиги себеп болууда.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Доллар курсунун төмөндөшү импорттук товарлардын баасына таасир тийгизбей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине сатуучулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди.

Январь айында доллар 76 сомдун чегинде туруп, андан кийин кескин төмөндөй баштаган. Учурда валюта 68 сомдонсатылууда. Ал эми товарлардын басымдуу бөлүгү чет элден долларга сатып алынган.

"Курс төмөндөп кетти, бирок бул бааларга эч кандай таасир тийгизбейт. Тышкы рынок менен иштеген компаниялар валюта курсу өзгөргөнү менен бааларына өзгөртүүгө ашыкпайт. Доллар жогорулаганда деле баалар кескин кымбаттабайт", — деди Өскөнбаева.

Анын айтымында, товар айлантуу көп убакытка созулгандыктан, көпкө чейин колдо кармалат.

"Бизде доллардын мындан бир топ жогорку курсу менен сатып алынган товарлар бар. Аларды ыргытып жибермек белек", — деди ассоциациянын жетекчиси.

Өскөнбаева эгер доллар төмөндөй берсе, товардын баасы бара-бара арзандай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0