Панкратов: Кыргызстан ЕАЭБдин жалпы энергетика рыногуна катышууга кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Олег Панкратов. Архивное фото
Вице-премьер Олег Панкратов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жалпы рынокто электр энергиясын экспорттоого эле эмес, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды курууга мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында түзүлүүчү жалпы энергетикалык рынокко катышууга дилгир экенин вице-премьер Олег Панкратов ЕЭК өкөлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы рынокко кирүү өлкөнүн башкы багыттарынын бири болуп саналат.

"Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жалпы рынокто электр энергиясын экспорттоого эле эмес, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды курууга мүмкүнчүлүк берет", — деди атка минер.

Өз кезегинде Евразиялык экономикалык комиссиянын министри Данил Ибраев Кыргызстандын аталган долбоорго катышуусу энергетика эле эмес, нефть продуктуларын жана газ ташууну уюштурууга чоң стимул болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан бери мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0