Салык кызматы: декларация тапшыруу аяктады, баш тарткандарга 5 миң сом айып пул салынат

Жазылуу
Айып пул бүгүнтөн баштап салына баштайт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча декларация тапшыргандардын саны көбөйгөн.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн түндө Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү аягына чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, декларация үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап кабыл алына баштаган. 1-мартка чейин декларацияны юридикалык жактар, ал эми мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери 1-апрелге чейин аталган документти тапшырышы шарт болчу. 

"Кабыл алуу түнкү саат 12.00дө бүттү. Декларация тапшыруудан баш тарткан жеке жактар 2000 сом, юридикалык жактар 5000 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Жаза бүгүнтөн баштап көрүлө баштайт. Билдирүүлөрдү жыл аягына чейин ээлерине таратабыз. Айып пул декларация толтуруудан бошотпойт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Салык кызматына былтыр 366 миң декларация тапшырылса, быйыл алдын ала маалымат боюнча бул көрсөткүч өткөн жылкыдан жогору болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0