Доллар бир күн ичинде 0,6 сомго арзандады

Жазылуу
Учурда американын акчасы 68,2 сомдон сатып алынып, 68,7 сомдон сатылууда.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Доллардын куну бир күн ичинде 0,6 сомго түшкөнүн акча алмаштыруу жайлары кабарлайт.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын чечими биздин жашоого кандай таасир этет: эксперттердин пикири
31-мартта саат 9:40ка карата акча алмаштыруу жайлары долларды 68,8 сомдон сатып алып, 69,2 сомдон саткан. 

Бүгүн саат 9:40ка карата доллар 68,2 сомдон сатып алынып, 68,7 сомдон сатылууда. Бейшембиге карата доллар 50-60 тыйынга арзандады. 

Январ айында доллардын куну 76 сомдо кармалган. Улуттук банк долларды кармап калуу үчүн 77,4 миллион долларды короткон.

Андан соң доллар төмөндөп, март айында улуттук банк 79 миллион 770 миң доллар сатып алган, анын 5,6 миллионун кече эле аткарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0