Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн темир жолун пайдаланууда жеңилдик алууну көздөйт

© AFP / STRТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагынан жүк ташууда транзиттик тарифти да төлөөгө туура келет. Бул өз кезегинде товардын өздүк баасынан жогору экени айтылууда.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин темир жолу арзандатылган баа менен пайдаланууну көздөйт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиянын мүчөсү Данил Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан унаа чыгымын азайтуу үчүн ЕАЭБ темир жолун активдүү пайдаланууга аракет кылып келет. 

"Кыргыз өкмөтү калыпка салынган ички тарифти пайдаланууну демилгелеп жатат. Мисалы, Россиядан Кыргызстанга товар чыкса Казакстанга транзиттик тариф төлөөгө туура келет. Ал ички тарифтен бир топ эсе жогору турат", — деди Ибраев.

Өкмөттүн бул демилгени ЕЭК тарабынан колдоого алынып, ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнөн кароосуна жиберилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0