ЕАЭБ өлкөлөрү кылмыштуу кирешени адалдоо менен чогуу күрөшөт

© flickr.com / Chris PotterКонверттеги АКШ долларлары. Архив
Конверттеги АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы Макулдашуунун долбоорун жактырды. Муну менен бирге унаа жаатындагы бир катар документтер колдоо тапты.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия жыйынында кылмыштуу жол табылган кирешени адалдоого каршы күрөшүү боюнча Макулдашуунун долбоору жактырылды. Бул тууралуу комиссиясын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев ЕЭК коллегия төрагасына: Кыргызстандын ЕАЭБге арткан үмүтү аткарылышы керек
Аталган макулдашууга ылайык, бажы декларациясында колдогу акча каражатын көрсөтүү зарылдыгы белгиленет.

Муну менен бирге Коллегия ЕЭК менен Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорун жактырды. Мындан тышкары, "Темир жол унаасындагы коопсуздук сертификаты боюнча жалпы талаптардын" сунушу бекитилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0