Улуттук банктын чечими биздин жашоого кандай таасир этет: эксперттердин пикири

Жазылуу
Өлкөнүн башкы финансылык мекемеси сом арзан болушу керек деп чечти. Башкача айтканда, эсептик коюмду 10 пайыздан 8 пайызга чейин төмөндөттү. Бул биздин жашообузга кандай таасир этерин экономика боюнча эксперттер иликтеп көрүштү.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik, Асел Минбаева. Кыргызстандын Улуттук банкы 28-март күнү эсептик коюмду 10 пайыздан 8ге чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул коммерциялык банктарга башкы финансылык мекемеден 8 пайыздык үстөк карыз алуусуна жол ачат.

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: жайында доллардын баасы 65 сомго түшөт
Теория боюнча пайыздык коюм канчалык төмөн болсо, калкка берилүүчү насыялар арзандап, экономика тез өнүгүшү керек. Бирок өтө активдүү өнүгүү баанын кескин өсүшүнө алып келет.

Улуттук банктын маалыматы боюнча март айында экономикалык активдүүлүктүн төмөндөө маалында Кыргызстандагы товарлар менен тейлөө кызматы арзандап келген. Коюмду төмөндөтүү менен банк экономиканын реалдуу секторун стимулдаштырууга ниет кылат. Мындай кадам канчалык деңгээлде өзүн актай турганына экономика боюнча үч эксперт баш катырып көрдү.

Андрей Красин, коммерциялык банктын башкармачылыгынын төрагасы:

Эсептик коюмдун төмөндөшү насыяга эч кандай таасирин тийгизбейт. Кыргызстанда анын баасы көбүнесе валюта курсунан көз каранды. 

Учурда Улуттук банк доллар менен берилүүчү насыяга чек койду. Бул эсептик коюм боюнча кабыл алынган чечимге караганда насыянын баасына көбүрөөк таасир этет.

Эсептик коюм — бул номиналдык чара.

Кубат Рахимов, көз карандысыз эксперт:

Улуттук банктан карыз алган коммерциялык банктар үчүн анын баасы арзандайт. Бирок насыя баасынын төмөндөшүнө башка нерселер да таасир этет: банктардын насыялык базасы кардарлардын акча салуусунан түзүлөт. Башкача айтканда, банк көбүнесе бир кардардан алган акчасын башкасына насыяга берип иштейт.

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 2 млрд. сом ипотекалык насыяны трансформациялады
Мен "Кыргызстанда баалардын өсүүсүн кармап калуум — башкы маселе" деп аяктаган макаланы окудум. Бийлик сомдун долларга карата кымбат болуусу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Бул үчүн долларлар сатылып, коюм жогорулап келген.

Бирок мындай чара биздин суроо-талаптарыбызга жооп бербейт. Россия менен Казакстандын базарларында туруктуу орун ээлегендин ордуна биз тескерисинче мурун кытайлар ээлеп келген өз базарыбызга алардын соодагерлери менен толтуруп жатабыз.

Инфляция экономиканын өнүгүүсүн дайым коштоп жүрөт, буга баш ийиш керек.

Залкар Камалов, экономика илимдеринин кандидаты:

Эсептик коюм буга чейин деле төмөндөп келген, бирок бул насыя саясатына көп таасир этчү эмес. Бирок азыр элдин колунда акча жок. 

Банктар коюмдун көлөмүн төмөндөтүүгө өздөрү кызыкдар болушу мүмкүн. Алар берилген насыянын саны боюнча утушка ээ болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0