Улуттук банк жыл башынан бери 62 млн доллар сатып алды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башкы банкы онунчу ирет рынокко чыгып, чет элдик валюта сатып алды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Улуттук банк кечээ 9 миллион 370 миң доллар сатып алганы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жайгаштырылган.

Башкы финансылык мекеме быйыл биринчи жолу базарга 2-мартта чыккан, андан кийин тогуз ирет доллар сатып алды.

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: жайында доллардын баасы 65 сомго түшөт
Кечээки 9 миллион 370 миң доллар менен жыл башынан бери сатып алынган доллардын көлөмү 62 миллион 320 миң долларды түздү.

Быйыл жалпы жонунан 77,4 миллион доллар саткан.

Улуттук банк валюта базарына ар кандай себептер менен, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу үчүн интервенцияларга чыгып турат. 

Башкы банктын маалыматы боюнча, учурда доллардын расмий курсу бир тыйынга төмөндөп, 70,84 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0