Россия Ысык-Көлдүн өнөр жай тармагы үчүн грант бөлдү

© Фото / Владислав УшаковЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор үч жылдын аралыгында ишке ашат. Биринчи этабы жакын арада башталары болжолдонууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия өкмөтү Ысык-Көл облусунун өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн эки миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү тууралуу чечим кабы алды. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаарларды өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 млн. доллар бөлөт
Маалыматка ылайык, бүгүн 28-март күнү айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Алексей Мзареуловду кабыл алды. Жолугушууга БУУНун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бюросунун (ЮНИДО) жетекчиси Марат Усупов да катышты. 

Мзареулов Чодуевге Россия өкмөтү тарабынан Ысык-Көлдөгү долбоорго эки миллион доллар каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдады. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү — үч жыл.

Жолугушуу маалында эки тарап аталган долбоордун биринчи этабы жакын арада баштала турганын, бул туристтик сезонго шайкеш келерин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0